"Нелегал" рейди: Бишкекте 220дай чет өлкөлүк милицияга жеткирилди

Коом Загрузка... 23 Март 2026 10:25
copyright icon Бишкек ШИИББ

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы багытталган "Нелегал" рейди уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында 220га жакын чет өлкөлүк жаран шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда кармалгандардын документтери текшерилип, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана ар кандай укук бузууларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

Рейд мыйзамсыз миграцияны аныктоо, бөгөт коюу жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.