Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1-октябрдан 10-октябрга чейин "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чаралар өттү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, рейддик иш-чаралар миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталып, УКМК менен ИИМ тарабынан жүргүзүлдү.
Иш-чаралардын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол, ошондой эле 431-беренеси боюнча жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1 412 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.