Неберелерине үй алуу үчүн жардам сураган апаны президент кабыл алат

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 11:00

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Нарын облусунун тургуну президент менен жолугушууда жол кырсыгында жакындарын жоготуп, ден соолугунун айынан Бишкек шаарына көчүп келгенин айтты.

Ошондой эле ата-энесиз калган төрт небереси анын колунда экенин белгилеп, турак жай маселесин чечип берүүнү суранды.

"Мен сизден үй алууга жардам беришиңизди суранат элем. Азыр кызым менен күйөө баламдын үйүндө туруп жатам. Сизге жолуга албай жүргөм. Кат да жазып алып келдим", - деди ал.

Апанын көйгөйүн уккан президент Садыр Жапаров аны жеке кабыл аларын белгиледи.