Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тогуз жылдан бери иштеген 37 жаштагы Айдана Абдувалиева үчүн бул кызмат жөн гана жумуш эмес, анын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Ал эки баланын энеси болгонуна карабай, аялдар да эркектер сыяктуу эле жооптуу кызматты аткара аларын иши менен көрсөтүп келет. Бул маекте Айдана кесибинин кыйынчылыктары, кызматтын чыныгы баасы жана "форма кийген аял сөзсүз муздак жана сезимсиз болот" деген түшүнүк туура эмес экенин айтып берет.
Айдана Абдувалиева учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгында улук офицер болуп эмгектенет. Бала кезинен ал мекенге кызмат кылууну максат кылып келген. Бул кыялына жетүү үчүн Ош технологиялык университетинин "Экология жана өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистиги боюнча билим алып, окуусун аяктагандан кийин ӨКМге жумушка орношкон.
"Биздин иш чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мен форма кийип, аскердик милдеттеримди аткарып, элиме кызмат кылып жатканыма чын жүрөктөн сыймыктанам. Кээде, албетте, кыйын учурлар да болот. Аскердик кызматсынын өзгөчөлүгү — тез-тез чакыруулар, жыйындар, нөөмөттөр болгондуктан күнү-түнү иштейбиз. Ошондой учурларда балдарым үйдө калып, жүрөгүм алар менен кызматтын ортосунда экиге бөлүнүп кеткендей сезилет. Бул ажырым жан дүйнөмдү оорутат. Бирок кызмат деген — кызмат. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз аялдар эркектер менен теңме-тең кызмат өтөп келебиз", — деди Айдана.
Анын айтымында, ӨКМдеги кызмат адамды гана эмес, мүнөздү да чыныгы сыноодон өткөрүп, чыңдайт. Бул жерде өзүн жасалма көрсөтүүнүн кереги жок. Тартип менен система өзү адамды тарбиялайт.
"Биз өлкөбүздүн Конституциясын жана мыйзамдарын так сактоо менен аскердик уставдардын негизинде иштейбиз. Офицердин кесипкөйлүгү, биринчи кезекте, буйруктарды так аткарууда көрүнөт. ӨКМдеги ишим мага чоң тажрыйба берди жана бул жерден чыныгы досторду таптым. Ошондой эле эң башкысы — мен жашоонун чыныгы баасын түшүндүм. Күн сайын ар кандай оор кырдаалга туш болгон адамдардын тагдыры менен бетме-бет келгенде, алардын ар биринин тагдырын жүрөгүңдөн өткөрөсүң. Ошондо убакыттын жана ар бир адамдын өмүрү канчалык кымбат экенин түшүнөсүң", — деп белгиледи ал.
Мурда Айдана Абдувалиева ӨКМдин Ош шаарындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна караштуу "112" бирдиктүү нөөмөт кызматынын оператору болуп иштеген. Анын айтымында, бул кызмат аялдар үчүн өзгөчө оор. Анткени үй-бүлө экинчи планга жылып, балдар каралбай калган учурлар болот. Ал эми нөөмөт кээде эки суткага чейин созулат. Кээ бир телефон чалуулар жүрөгүңдү оорутса да, ал сабырдуулук жана кесипкөйлүк менен иштөөгө аргасыз болгон.
"Бир жолу 112 кызматында нөөмөттө турганымда, мага өзүмдүн үч жаштагы балам жоголуп кеткенин айтышты. Ал кошуна бала менен короодо ойноп жатып, бир жакка кетип калган экен. Ошол учурдагы абалымды элестетсеңиз: бир жагынан адамдардын өмүрү үчүн жооп берип, шашылыш чалууларды кабыл алып жатам, экинчи жагынан өз баламдын кайда экенин билбейм. Жумушумду таштап кетүү да оңой болгон жок. Бактыга жараша, баары жакшы аяктады. Азыр болсо эне болуу менен кызматтын ортосундагы тең салмакты табууну үйрөндүм", — деп кошумчалады ал.
Айдананын жашоосунда үй-бүлө менен кызматтын ортосунда тандоо кылууга туура келген учурлар да болгон. Бирок анын айтымында, кандай кыйынчылык болбосун баары өтүп, бүгүнкү кайгы эртең кубанычка алмашышы мүмкүн. Ошондуктан ал жашоосунда үмүтсүздүккө алдырбайт.
"Форма кийген аял, биринчи кезекте, аял бойдон калат. Биз да назик мамилеге, камкордукка жана жылуу сөзгө муктажбыз. Кызматыбыздын өзгөчөлүгү — көргөн ар бир трагедияны жүрөгүбүздөн өткөрөбүз. Ошондуктан кээде өзүбүзгө да колдоо керек болот. ӨКМдеги кызмат мага тартипти үйрөттү. Балдарды тарбиялоодо да бир аз катуураак болуп калдым. Бирок эң негизгиси — канчалык чарчап келсем да, балдарым менен сүйлөшүп, алардын абалын сураганга убакыт табышым керек экендигин түшүндүм", — дейт ӨКМ кызматкери.
Форма кийип, мекенге кызмат кылууну кыялданган кыз-келиндерге Айдана жакшы окуп, спорт менен машыгып, максаттарынан баш тартпоону сунуштайт.
"Мен үчүн мекен — бул эң оболу үй-бүлө. Биз баарыбыз бир чоң үй-бүлөбүз. Үй-бүлөбүз бекем болушу үчүн аны чын дилден сүйүп, коргой билишибиз керек. Биздин өз жерибиз, мекенибиз бар экенине чексиз ыраазымын. Ал эми ӨКМдеги кызматым — ошол тынчтыкты сактоого, жалпы үйүбүздүн коопсуздугуна күн сайын кам көрүүгө болгон менин салымым", — деп белгиледи Айдана Абдувалиева.
Форма кийген аялдар чыныгы күч физикалык кубат менен гана өлчөнбөй турганын далилдеп келишет. Алар оор кырдаалдарда да сабырдуулугун сактап, жардамга муктаж адамдарга көңүл буруп, колдоо көрсөтүшөт. Бул аялдар жөн гана кызмат өтөбөстөн, адамдарга көмөк көрсөтүп, коомго жакшылык алып келишет.