NASA орбитадан түшүп бара жаткан обсерваторияны сактоо аракетин жасайт

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июнь 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-06-29 at 08.59.28.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.26 /Кабар/. АКШнын Аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдөө улуттук башкармалыгы (NASA) 30-июнда орбитасы төмөндөп бараткан Swift космостук обсерваториясын сактап калуу үчүн атайын спутник учурууну пландап жатат. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка ылайык, LINK деп аталган робот аппарат ракета менен космоско жөнөтүлөт. Ал автоматтык түрдө Swift обсерваториясына жакындап, атайын кармагычтары менен бекитилет. Андан соң өз кыймылдаткычтарынын жардамы менен бир нече айдын ичинде обсерваториянын орбитасын акырындык менен жогорулатат. Бул чара обсерваториянын Жердин атмосферасына түшүп кетүүсүн алдын алат.

Swift обсерваториясы 2004-жылы космостогу эң кубаттуу жана табышмактуу кубулуштардын бири болгон гамма-нур жаркыроолорун изилдөө үчүн учурулган. Аппарат болгону эки жыл иштейт деп пландалганы менен, 20 жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз иштеп, кара тешиктер, нейтрон жылдыздары жана суперновалар тууралуу баалуу илимий маалыматтарды чогултуп келет.

Узак убакыт иштегендиктен обсерваториянын орбитасы 585 чакырымдан 373 чакырымга чейин төмөндөп кеткен. Эгер анын бийиктиги көтөрүлбөсө, жыл аягына чейин атмосферага кирип, өрттөнүп кетиши ыктымал.

NASA бул миссия ийгиликтүү ишке ашса, космостогу аппараттардын орбитасын өзгөртүп, алардын кызмат мөөнөтүн узартуу технологиясы биринчи жолу сыноодон өтөрүн билдирди. Бул келечекте кымбат баалуу космостук аппараттарды сактап калууга жана жаңы аппараттарды жасоого кетчү чыгымдарды азайтууга чоң өбөлгө түзөт.