Нарындагы Каратал-Жапырык коругунда тоо жаныбарлары үчүн чөп-жем чачылды

Экология 16 Январь 2026 15:39
616980054_876184708367993_3566944307524012258_n.jpg
616332859_876184878367976_888909243596533_n.jpg
616361204_876184711701326_3786133732810384248_n.jpg
616380041_876185371701260_1924352727037072302_n.jpg
617510617_876185388367925_3059692886210575957_n.jpg
617665667_876184808367983_8626910537098083654_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. 13-14-январь күндөрү Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун Каратал корук тилкесинде жапайы ача туяктуу жаныбарларга табигый чөп, шак-шыпыргылар жана тузду белгиленген жерлерге чачышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чара кыш мезгилинде жапайы жаныбарлардын азыктануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, алардын популяциясын сактоого жана стресстик факторлорду азайтууга багытталган.

Маалымат үчүн: Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу Нарын облусунун аймагында жайгашып, Кыргызстандын борбордук тоолорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо маанилүү экосистеманын бири болуп саналат.

Корукта аркар, кулжа, тоо эчкиси, марал, элик сыяктуу ача туяктуу жаныбарлар, ошондой эле карышкыр, ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жырткычтардын түрлөрү жашайт.

Корук сейрек кездешүүчү канаттууларга да бай — алардын катарында тоо казы, кара кунас, каркыра, бүркүт, жана башка жапайы канаттуулардын түрлөрү бар.