Нарын жаратылыш коругунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддер өтүүдө

Аймак 18 Февраль 2026 13:15
637680199_903057559014041_6162173968763691173_n.jpg
638146692_903057575680706_1694205974663523294_n.jpg
Алдыга
Артка
637680199_903057559014041_6162173968763691173_n.jpg
638146692_903057575680706_1694205974663523294_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддер коруктун мамлекеттик инспекторлору тарабынан өткөрүлүп, аймактагы жапайы жаныбарлар дүйнөсүн, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоого багытталган.

Өзгөчө көзөмөл мыйзамсыз аңчылык фактыларын алдын алууга, курал-жарак жана тыюу салынган шаймандарды колдонууга бөгөт коюуга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу аракеттерин аныктоого бурулууда.

Министрлик жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тартибин так сактоого жана мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.