Ысык-Көлдө 400гө жакын аркар-кулжа видеого тартылды

Аймак
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 06.11.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде 400гө жакын аркар-кулжа табигый шартта жүргөнү видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Видеодо аркар-кулжалардын тоо боорунда жайылып жүргөнү, андан соң үйүрү менен тоонун бийик тарабына бет алганы көрүнөт.

Жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшү алардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана коргоо иштеринин натыйжалуулугун көрсөткөн маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, министрлик мамлекеттик жаратылыш коруктарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын көбөйүшүнө шарт түзүү боюнча иштерди жүргүзүп келет.