Жаратылыштын кооздугу: Сары-Челекте ээн-эркин жүргөн бугулар

Аймак
copyright icon Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу

Бишкек, 17.11.26 /Кабар/. Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда орнотулган фотокапканга бугулар түшүп калган.

Коруктун администрациясынын маалыматына караганда, видеодон жапайы жаныбарлардын корук аймагында ээн-эркин жүргөнүн көрүүгө болот.

Фотокапкандар коруктун аймагындагы жаныбарлар дүйнөсүнө байкоо жүргүзүүгө жана алардын жашоо шартын изилдөөгө мүмкүндүк берет.