Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарынын биринде жергиликтүү токойчу эки ак илбирсти табигый чөйрөдө видеого тартып алды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, видеодо ак илбирстердин адам кийлигишүүсүз, тынч жана эркин жүргөнүн көрүүгө болот.
"Мындай кадрлар аймактагы жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсү сакталып жатканын көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
Ак илбирс – Кыргызстандын жаратылышынын символдорунун бири жана өзгөчө коргоого алынган сейрек кездешүүчү жаныбар. Анын табигый чөйрөдө үзгүлтүксүз катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү жана жапайы жаныбарлардын жашоо шарттарын сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.