Нарында аскер бөлүгү көчүрүлүп, бошогон батирлер элге берилет

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 16:05
1052997855_0_229_2731_1765_1920x0_80_0_0_ef2296819e54c58bf71d85cd975c9ad6.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Нарындагы аскер бөлүгү көчүрүлүп, бошогон батирлер муктаждарга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

"Шаар тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында “Тайлак баатыр” атындагы №2025 аскер бөлүгүн шаар четине көчүрүп, бошотулган 128 батир капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үйгө муктаждарга социалдык ипотека аркылуу берилмекчи”, - деди президент.