Нарында студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча сабак өтүлдү

Экономика 1 октябрь 2026 09:00
img (1).jpg
img (2).jpg
img.jpg
Алдыга
Артка
img (1).jpg
img (2).jpg
img.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Нарын шаарында студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара өттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Анда студенттерге үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоо, төлөм системалары, финансылык алдамчылыктан сактануу жана дропперликке аралашпоонун мааниси тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, катышуучулар улуттук валютанын тарыхы жана Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары менен таанышты. Көргөзмөдө көрсөтүлгөн экспонаттар аркылуу кыргыз акчасынын тарыхы тууралуу маалымат берилди.

Иш-чара региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.