Нарында муниципалдык мончо курулат

Аймак 887 03 Март 2025 11:52
veniki.max-1920x1080.format-webp.webp
481446015_958383503141538_465.max-1920x1080.format-webp.webp
481193706_958383423141546_321.max-1920x1080.format-webp.webp
481117923_958383533141535_676.max-1920x1080.format-webp.webp
480918590_958383366474885_677.max-1920x1080.format-webp.webp
481130319_958383443141544_308.max-1920x1080.format-webp.webp
481253266_958383376474884_613.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Нарын шаарында заманбап коомдук мончо куруу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Көтөрмө аймагындагы 800 чарчы метр жер аянтына 200 орундуу мончону куруу “Нарын курулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып, республикалык бюджеттен каржыланат.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев "Нарын курулуш" ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, коомдук мончонун имаратынын долбоорун даярдоону тездетүүнү талкуулады.

Өз кезегинде калаа жетекчиси имарат заманбап типте, бардык шарттары менен коопсуз, жайлуу жана көркөм болушу керектигин белгилеп, учурда Нарын шаарында муниципалдык коомдук мончого муктаждык чоң экендигин белгиледи.