Нарында -5 градуска чейин суук болот – 20-декабрга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 20 Декабрь 2025 09:18
WhatsApp Image 2025-12-10 at 14.57.28.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1... +4, Талас облусунда -2… +3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2... +7, Ысык-Көл облусунда 0... +5, Нарын облусунда 0... -5 градус болот. Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +1... +3 градусту түзөт.

Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз!