Нарын жана Могилев облустарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү талкууланды

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/.Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Могилев облусуна болгон иш сапарынын алкагында Могилев облустук аткаруу комитетинин төрагасы Анатолий Исаченко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактар аралык кызматташтыктын экономикалык, маданий-гуманитардык жана туристтик чөйрөлөрдөгү багыттарын талкуулашты. Өнөр жай кооперациясында жана айыл чарбасында кызматташуу үчүн Могилев жана Нарын облустарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө өз ара кызыкдар экендигин жана даярдыгын билдиришти.

Мындан тышкары, элчи Эрбол Султанбаев эки облустун ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында конкреттүү иш-чараларды камтыган орто мөөнөттүү жол картасын иштеп чыгуу, анын ичинде өз ара бизнес-миссияларды уюштуруу жана товарларды жеткирүү маселелерин иштеп чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Могилев облусуна болгон иш сапарынын алкагында Эрбол Султанбаев бизнес-ассоциациялардын, өнөр жай, транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүү, машина куруу жана башка тармактардагы компаниялардын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Бизнес байланыштарды кеңейтүү максатында элчи Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди жана белоруссиялык ишкерлерди өлкөдө биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Ошону менен бирге Эрбол Султанбаев “Могилевлифтмаш” жана “Бабушкина крынка” ААКларына барып, өндүрүш процесси менен таанышып, ишканалардын жетекчилери менен биргелешкен кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.