Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Нарын шаарында 3-март - мамлекеттик туунун 33 жылдыгына жана 5-март - Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада шаардыктарды калаа башчысы куттуктап, маданият бөлүмүнүн ырчылары жана таланттуу окуучулар чакан концерт тартуулады.