Нарын районунда азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Аймак
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманкеде сапаттуу азык-түлүктөр базар баасынан арзан баада сатылып, түз өндүрүүчүлөрдөн сунушталууда.

Иш-чаранын максаты жергиликтүү дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү уюштурулат.