Нарын облусунда туристтик милиция кызматы ишин баштайт

Коом 12 Июнь 2026 13:45
722974370_1041209438587602_6731586708886022615_n.jpg
1.jpg
2.jpg
720242697_1041209941920885_2174579480538413999_n.jpg
720570858_1041209818587564_267189034419277046_n.jpg
720905704_1041209561920923_8854921630254803483_n.jpg
721168604_1041209731920906_3663734030457660602_n.jpg
721348747_1041209515254261_8363880158685720038_n.jpg
721575450_1041209485254264_5672728734839041711_n.jpg
721601366_1041209608587585_8716324459399408599_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Нарын облусунда туристтик милиция кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматтын курамына 20 кызматкер тартылып, алар туристтер көп барган аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөшөт.

"Туристтик милициянын негизги милдеттери туристтерге маалыматтык жана консультативдик жардам көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам жардам берүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кызматкерлер туристтик маршруттарда, эс алуу жайларында жана туристтер көп топтолгон аймактарда нөөмөт жүргүзүшүп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк коноктор үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган иштерди аткарышат.

Туризм тармагын өнүктүрүүдө коопсуздук башкы талаптардын бири болуп саналат. Туристтик милиция кызматынын ишке кириши туристтик сезондун тынч, коопсуз жана уюшкандыкта өтүшүнө өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, ИИМдин демилгеси менен туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн бардык аймактарында туристтик милиция кызматы түзүлүүдө.