Исаматова КУУнун жаңы комплекси менен таанышты: Ичинде эмнелер болот?

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаңы курулуп жаткан 16 кабаттуу жатаканасынын долбоору менен таанышты.

Гүлзат Исаматованын айтымында, бул курулуш жогорку окуу жайдын 100 жылдык мааракесинин алкагында ишке ашырылууда.

“Буга чейин бул жерде КУУнун №4 эски жатаканасы жайгашкан. Анын ордуна 16 миң чарчы метрден ашкан 16 кабаттуу заманбап окуу-турак жай комплекси курулууда. Ал университеттин билим берүү, илимий жана социалдык муктаждыктарын бирдиктүү камсыздоого багытталган”, — деди ал.

Комплексте окуу аудиториялары, лабораториялар, административдик бөлмөлөр, университеттин музейи, 200 орундуу китепкана, 600 орундуу конференц-зал жана амфитеатр, эс алуу зоналары, оранжерея жана студенттер үчүн обсерватория жайгашат.

Турак жай бөлүгүндө студенттер, магистранттар жана окутуучулар үчүн шарттар каралган. Ошондой эле 15 жана 16-кабаттарда университеттин окутуучулары жана чет өлкөдөн келген конок адистер үчүн атайын бөлмөлөр болот. Биринчи кабатта конференц-залдар, 3-, 7- жана 15-кабаттарда тамактануучу жайлар, 100 орундуу коомдук тамактануу блогу, медициналык жана спорттук блоктор иштейт.

“Долбоордун жалпы наркы 1,3 миллиард сомдон ашат. Каржылоо университеттин өз каражаттары жана Турукташтыруу фондунун колдоосу аркылуу жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган, жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда”, — деди министр.

Белгилей кетсек, министр Гүлзат Исаматованын “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагындагы иш күнү уланууда. Министрди ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрөт.