Бишкек, 31.12.25 /Кабар/. Жаңы жыл алдында бешинчи наристелүү болгон эне кубанычы менен тең бөлүшүп, кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.
“Бешинчи жолу балалуу болуп сүйүнүчүбүздө чек жок. Келе жаткан жаңы жыл жакшы жылдардан болуп, балалуу боло албай жаткандар балалуу болсун! Жарык дүйнөгө келген балдар аман-эсен, ден соолукта болуп, кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болуп чоңойсун!”-деген каалоо-тилегин айтты.