"Наристе" фестивалы: Балдардын чыгармачылыгы аркылуу чыңдалган достук

Коом 270 01 Июнь 2026 15:50
6a1d401504022 (1).jpeg
6a1d4014a43e3 (1).jpeg
6a1d4014f13f4.jpeg
6a1d4015c1cb2.jpeg
6a1d40154e9b2.jpeg
6a1d40159e0f0.jpeg
6a1d401537a57.jpeg
6a1d401565fb3.jpeg
6a1d401585fa4.jpeg
Алдыга
Артка
6a1d401504022 (1).jpeg
6a1d4014a43e3 (1).jpeg
6a1d4014f13f4.jpeg
6a1d4015c1cb2.jpeg
6a1d40154e9b2.jpeg
6a1d40159e0f0.jpeg
6a1d401537a57.jpeg
6a1d401565fb3.jpeg
6a1d401585fa4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкек шаарында болуп өткөн "Наристе" VI эл аралык балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты. 

Быйылкы фестивалга Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея, Түркия, Румыния, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын балдардын чыгармачыл жамааттары чогулду. Бир нече күндүн ичинде жаш катышуучулар көрүүчүлөрдү өз элинин маданий салттары менен тааныштырып, улуттук искусствосун, музыкасын, бийин жана элдик чыгармачылыгын тартуулашат.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш-чарага катышуусу ар бир баланын маданий турмушка катышууга, чыгармачылык жактан өнүгүүгө, эс алууга жана бош убактысын өткөрүүгө болгон укугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. 

"Наристе" эл аралык балдар фольклордук фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн балдарынын ортосундагы достукту бекемдөө, маданий диалогду өнүктүрүү жана маданий көп түрдүүлүккө урмат-сый менен мамиле кылууга тарбиялоо үчүн аянтча катары кызмат кылат. Мындай демилгелер балдардын чыгармачылыгы аркылуу элдердин өз ара түшүнүшүү, кызматташуу жана тынчтыкта жашоо маанайын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Фестивалдын алкагында концерттик программалар, мастер-класстар, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, чыгармачыл жолугушуулар жана маданий-таанып билүү иш-чаралары пландаштырылган.