Бишкекте жол кире накталай эмес төлөнөт жана айдоочулардын айлыгы өсөт

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, анда бир катар маселелер талкууланды.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун алкагында калаа башчысы жол кыймылынын эрежелерин, ошондой эле коомдук транспорттун аялдамаларына карата белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти. Муну менен катар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана каттамдагы тартип маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мэр жүргүнчүлөрдү аялдама пункттарында гана түшүрүү талаптарын колдой турганын айтты. Аны менен катар эрежелерди сактоо гана эмес, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү да маанилүү экенин, ошондо коомдук транспортту колдонуу маданияты жана белгиленген нормаларга урматтоо калыптанарын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө айдоочулардын айлык акысын жогорулатуу жана накталай эмес төлөмгө өтүү маселелери да козголду.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизиле турган долбоорду иштеп чыгууда. Бул долбоор коомдук транспортто жол кирени толугу менен накталай эмес төлөөгө өтүүнү, айдоочулардын айлыгын этап-этабы менен 30 пайызга жогорулатууну карайт.