Музыкант Лео Рохас Көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду — Кабар

Музыкант Лео Рохас Көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду

Көчмөндөр оюндары-2026 7 август 2026 17:10
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Музыкант Лео Рохас IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий амбассадору болду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы ноталардан эле үнү таанылган, эквадорлук музыканттын пан-флейтадагы өзгөчө аткаруусу дүйнө жүзү боюнча миллиондогон угармандарды өзүнө тартып турат. Анын музыкасы тоолордун күчүн, шамалдын эркиндигин жана адамзат менен жаратылыштын ортосундагы терең байланышты эске салат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болуу менен Лео Рохас дүйнө жүзүндөгү элдердин маданиятын, каада-салттарын жана рухун бириктирген долбоорго кошулат", - деп айтылат маалыматта.