Мушкер Дмитрий Бивол атаандашын жеңип, титулун сактап калды

Спорт Загрузка... 01 Июнь 2026 11:35
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. IBF, WBO жана WBA боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Екатеринбургда өткөн RCC Boxing Promotions турниринин башкы беттешинде немец атаандашы Михаэль Айфертти жеңди. Бул тууралуу Интерфакс маалымдады

Ага ылайык, мушкер бир добуштан калыстардын чечими менен жеңишке жеткен.

Натыйжада Бивол WBA жана IBF чемпиондук курларын коргой алды.

Биволдун профессионалдык рингде азыр 25 жеңиши (12 нокаут менен) жана бир жеңилүүсү бар.