Бишкек, 07.12.25. /Кабар/. Мурунку жылдарга салыштырмалуу Бишкек шаары азыр бир азга болсо да таза. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда ишкана тарабынан тиешелүү бардык чаралар көрүлүүдө.
"Бирок, муну менен токтоого болбойт. Биз дагы да аракет кылуубуз керек. Шаарыбыздын тазалыгы үчүн баарыбыз болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Ар бир жаран шаардын тазалыгы үчүн өз салымын кошуусу зарыл",-деди ал.