Муктаждар 2 жылга чейин жашаса болот. Бишкектеги социалдык жатакананын шарттары жакшырат

Коом Загрузка... 11 Ноябрь 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы социалдык жатакананын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана сантехникалык жабдууларды алмаштырууга каражат бөлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, мекемени жаңы жумшак эмеректер жана төшөнчүлөр менен камсыздоого бюджеттик каражат каралган.

Социалдык жатакананын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты — ата-энесинин камкордугусуз калган жетим жана жарым жетим балдарга, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган жаштарга социалдык колдоо көрсөтүү. Аларга 16 жаштан 23 жашка чейинки курактагы муктаж жарандар убактылуу социалдык турак жай менен камсыз болуп, адаптация жана реабилитациялоо боюнча жардам алышат.

Мекеме өз кызмат алуучуларына психологиялык колдоо көрсөтүп, коомго интеграцияланууга жана өз алдынча жашоо көндүмдөрүн өздөштүрүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле, ар бир жашка ылайыкташтырылган жеке социалдык реабилитация жана кесиптик багыт берүү программалары ишке ашырылат.

Социалдык жатакана 53 адамга ылайыкталган. Учурда бул жерде 37 кызмат алуучу жашайт — алардын 30у эркек бала, 7си кыз. Ар бир жашоочу 12 айдан 24 айга чейинки мөөнөткө убактылуу турак жай менен камсыздалат.