Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кыргыз эл акыны, Казакстандын Баатыры Мухтар Шаханов кыргыз менен казак элинин ортосуна данакер болчу эле. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, академик, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, ал Мухтар Шаханов менен 1986-жылы Кыргыз адабиятынын Казакстанда өткөн күндөрүндө таанышкан.
Ошондон бери академик Шаханов менен ага-ини катары жакын болуп, чыгармачыл, илимий байланышта болуп турганын эскерди.
“Кыргыз эл акыны, Казакстандын Баатыры Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгын угуп, кайгырып жатабыз. Мухтар Шахановду мен 1986-жылы Кыргыз адабиятынын Казакстанда өткөн күндөрүндө таанышкан элем. Ал күндөрдү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жетектеген эле. Ал киши Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катары да дайыма чыгармачыл, илимий байланышта болуп турчу. Чыңгыз Айтматов менен биргелешип жазган “Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы” деген чыгармасынын жазылуу процесси менин көз алдымда өттү”, - деди ал.
Абдылдажан Акматалиев белгилегендей, Мухтар Шаханов Кыргызстанга келгенде 60тан ашык обондорду чыгарган. Ошондой эле кыргыз жерине, кыргыз элине арнап ырларды жазган.
“Түгөлбай Казаков ырдап жүргөн “Ак бантик” деген популярдуу ырдын сөзүн Мухтар Шаханов жазган. Азыр ал ырды кайда барбайлы, мейли автобуста, мейли аэропортто угуп жүрөбүз. Ошондой эле Шаханов кыргыз тематикасына Ала-Тоо, Ысык-Көл, жалпы эле кыргыз элинин меймандостугуна, бир туугандыгына арналган ондогон ырларды жазган. Муну менен эки элдин ортосуна данакер болгонун айтсак болот. Элчилик кызматтан кеткенден кийин Шаханов “Жалын” журналына редактор болуп иштеп турганда кыргыздын акын-жазуучуларынын көптөгөн чыгармаларын басып чыгарган эле. Ал Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов, Жолон Мамытов жана башкалар менен дос болуп, чыгармачыл, илимий байланышта болчу”, - деди академик.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Абдылдажан Акматалиев белгилүү казак акыны Мухтар Шахановдун үй-бүлөсүнө, казак туугандарга көңүл айтты.