Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Бишкектеги №83 мектепте болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин «Элден собол» берүүсүндө Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова билдирди.
Анын айтымында, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Ал учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жана мындай көрүнүштөрдүн коомдо орун алганы чоң көйгөй экенин кошумчалады.
Ал эми Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков ата-энелерди балдарын адеп-ахлакка жана туура жүрүм-турумга тарбиялоого чакырды. Ошондой эле ал мугалимдерди коргоо боюнча мыйзам күчөтүлөрүн белгилеп, мугалимге кол көтөрүүгө жол берилбестигин жана бул акылга сыйбаган иш экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 16-февралда 69 жаштагы аскерге чейинки даярдык мугалими Б. К. менен 2010-жылы туулган жогорку класстын окуучусу М. К.нын ортосунда жаңжал чыккан. Социалдык тармактарда тараган видеодо өспүрүм мугалимди түртүп жибергени көрүнөт.
Бактыгүл Шеркозу кызы