Муфтият: Умра сапарындагыларды өлкөгө кайтаруу боюнча штаб түзүлдү

Коом Загрузка... 01 Март 2026 11:05
FB_IMG_1772341871231.jpg
copyright icon Муфтият

Бишкек, 01.03.26. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу абал боюнча кайрылуу жасады.

"Урматуу умра зыяратчылары! Кадырлуу умра менен алектенген мекемелер!

Учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, күтүүсүз кырдаал жаралды.

Мындан улам төмөнкүлөрдү билдиребиз:

Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер. Сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.

Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз.

Мамлекет тарабынан убактылуу ведомстволор аралык штаб түзүлүп, кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.