Муфтият: Орозо айт намазы мечиттерде окулат – убактысы

Коом Загрузка... 16 Март 2026 09:38
545579387_3551457518330755_632419263806093119_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазынын программасын жарыялады.

Ага ылайык, 20-март Орозо айт күнү деп белгиленгендиктен, Айт намазы мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 – Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.