Муфтият кичи ажылыкты уюштуруучу компаниялардын бири менен кызматташуусун токтотту

Коом Загрузка... 04 Ноябрь 2025 17:46
thumbs_b_c_ddc33e83.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) "Нур Умра" ЖЧКсы менен түзүлгөн Умра зыяратын (кичи ажылык) уюштуруу жана өткөрүү боюнча келишимдин токтотулгандыгын расмий маалымдайт.

Мындай чечим КР "Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин "Кыргызстандын жарандарынын Сауд Аравия Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуна, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын курултайы тарабынан бекитилген КМДБнын уставына ылайык кабыл алынды.

Муфтият кичи ажылык сапарды уюштурууну каалаган туристтик компанияларды аккредитациялоону улантууда.