Өмүр сакчысы: Сууга секирген кызды куткарган милиционер сыйланды

Коом 20 Май 2026 16:45
703185551_1380667590748905_7033178889645427197_n.jpg
1.jpg
703734777_1380667630748901_5425932484427421759_n.jpg
703752270_1380667584082239_7135740431269143505_n.jpg
Алдыга
Артка
703185551_1380667590748905_7033178889645427197_n.jpg
1.jpg
703734777_1380667630748901_5425932484427421759_n.jpg
703752270_1380667584082239_7135740431269143505_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. 4-майда Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматынын кызматкери Адил Талгарбек уулу Чоң Чүй каналына секирип кеткен кызды куткарууда кайраттуулук жана чечкиндүүлүк көрсөткөн.

ИИМден билдиришкендей, окуяны көргөн милиция кызматкери тез арада сууга секирип, кызды жээкке чыгарып, кайгылуу окуянын алдын алган. Анын ыкчам аракетинин аркасында жарандын өмүрү сакталып калган.

Бүгүн аталган кызматкер көрсөткөн кайраттуулугу, ыкчамдыгы жана кызматтык милдетине берилгендиги үчүн ИИМ жетекчилиги тарабынан сыйланды.

Милиция кызматкерине сыйлыкты министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырды.

"Мындай аракеттер чыныгы кесипкөйлүктүн жана кызматка берилгендиктин үлгүсү болуп саналат", - деди ал.