Мотоциклге отуруп кеткен. Бишкекте 15 жаштагы Айзада Казакбаева изделүүдө

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 11:00
WhatsApp_Image_2025_qIbAMwZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Бишкектин Свердлов району боюнча ички иштер башкармалыгы жашы жете элек Казакбаева Айзада Канатбековнаны издеп жатышат.

Милициядан билдиришкендей, 2025-жылдын 13-октябрында райондук ИИБге Н.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылы туулган жашы жете элек кызы Казакбаева Айзада Канатбековнаны табууга жардам берүүнү суранган.

Белгилүү болгондой, ал 2025-жылдын 12-октябрында болжол менен саат 23:00дөр чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Советская көчөсүнүн кесилишинде мотоциклдин рулуна отуруп, белгисиз тарапка кеткен. Азыркы убакка чейин дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: бою болжол менен 165–170 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун, күрөң түстө. Үстүндө боз пальто, кара водолазка, кара шым жана кара бут кийим болгон.

«Эгерде сизде Айзада Казакбаеванын кайда экенин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюуңуздарды суранабыз: 0 (557) 31-05-99 жана 102», – деп айтылат маалыматта.