Москвада кыргыздын залкар күүлөрү жаңырып, көрүүчүлөрдү суктандырды

Маданият Загрузка... 09 Июнь 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Москва шаарындагы П. И.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын Рахманинов залында "Кыргыздардын салттуу музыкасы — кылымдардын мурасы" аттуу концерт өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара XXIV эл аралык "Үндөр ааламы" музыкалык фестивалынын алкагында уюштурулуп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоону жана кыргыз элдик мурасын эл аралык деңгээлде таанытууну максат кылган.

Кыргызстандын чыгармачыл делегациясын Эл артисти Роза Аманова жетектеп барды.

Концерттин программасында манасчылык, дастанчылык жана төкмө акындардын өнөрү жаңырып, улуу "Манас" эпосунан үзүндүлөр аткарылды. Мындан тышкары, комуз, ооз комуз, чоор, чопо-чоор, сыбызгы жана чогойно-чоор сыяктуу улуттук аспаптардын коштоосунда залкар күүлөр ойнолуп, вокалдык-аспаптык бөлүмдө кыргыздын классикалык автордук ырлары аткарылып, улуттук музыкага мүнөздүү "коңур үн" дүйнөсү даңазаланды.

Иш-чарага Россия менен Кыргызстандын маданият жана илим ишмерлери, студенттер жана мекендештер катышты. Кеченин соңунда көрүүчүлөр кыргыз өнөрпоздорунун жогорку чеберчилигине суктанышып, аларды узакка созулган кол чабуулар менен узатышты.