Москвада КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйыны өттү

Саясат 03 Апрель 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.21 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-03 at 15.50.20 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери көп тараптуу аскердик кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл евразиялык коопсуздукту чыңдоого, абадан коргонуу боюнча бирдиктүү системаны өнүктүрүүгө, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу тутумун өркүндөтүүгө бурулду.

Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки аскердик кызматташтык концепциясын ишке ашыруунун практикалык аспектилери талкууланды.