БА жана Россия Коопсуздук кеңештеринин катчылары аймактык коопсуздукту талкуулады — Кабар

БА жана Россия Коопсуздук кеңештеринин катчылары аймактык коопсуздукту талкуулады

Саясат 28 май 2026 12:40
710756261_1568158465318782_7388025558363485492_n.jpg
710447139_1568158521985443_2776339992346051804_n.jpg
710118261_1568158461985449_2559230698664711936_n.jpg
WhatsApp Image 2026-05-27 at 21.50.58.jpeg
Алдыга
Артка
710756261_1568158465318782_7388025558363485492_n.jpg
710447139_1568158521985443_2776339992346051804_n.jpg
710118261_1568158461985449_2559230698664711936_n.jpg
WhatsApp Image 2026-05-27 at 21.50.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Россиянын Москва шаарында өткөн "Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн "Борбор Азия жана Россия" экинчи саммитинде жактырылган 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын ишке ашырылышы талкууланды.

Катышуучулар ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашты.

Адилет Орозбеков форматтын алкагындагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык темпин андан ары сактоо зарылдыгын, анын ичинде радикалдуу идеялардын жайылышына каршы туруу, баңгизат коркунучуна жана киберчабуулдарга каршы күрөшүү боюнча маселелерди белгиледи.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле экспорт жана импорттун тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн транспорттук артериялардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында административдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча сунуштар айтылды.