Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Москва районунда прокуратура органдарынын текшерүүсүнөн кийин үч тоголок жетим баланын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва районунун прокуратурасы тарабынан жетим балдардын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Петровка айылында жашаган үч тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары бузулуп, аларга жер тилкеси кезексиз берилбей келгендиги такталды.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында ар бир балага турак жай куруу үчүн 11 сотых жер тилкеси бөлүнүп, жеке менчик укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар тапшырылды.