Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 25–26-октябрь күндөрү Монголиянын Баян-Өлгий аймагында “Бай өлкө — бак бешигим” аттуу төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык өнөр таймашына Кыргызстандын атынан төкмө акын Тынчтык Эсенбай уулу катышат. Ал төкмөлүк өнөрдү даңазалап, башка өлкөлөрдүн акындары менен күч сынашат.
Иш-чара элдердин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, төкмөлүк өнөрдү жайылтууга жана улуттук чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Айтыш Хурманхан Мухамед уулу атындагы мамлекеттик драма театрында өтөт.