Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районунда Балбай баатырдын эстелигинин ачылышына карата Манас айтуу жана республикалык төкмө акындардын айтышы өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө манасчылык жана төкмөлүк өнөр кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы экенин белгилеп, улуттук өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин айтты.
Иш-чара кыргыздын улуттук маданиятын даңазалоого жана сөз өнөрүн жайылтууга багытталды.