Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, баш байгени Кутман Садыбакасов жеңип алды.
- 1-орун: Акматбек Султан уулу;
- 2-орун: Асылбек Маратов;
- 3-орун Темирбек Матыбаев.
Ал эми Чыңгызхан Кожошев менен Жылдызбек Төрөканов атайын сыйлыктарга ээ болду.