Байге фонду 1 млн сом: Ошто республикалык айтыш өтөт

Маданият 25 сентябрь 2026 12:50
Байге фонду 1 млн сом: Ошто республикалык айтыш өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын күнүнө жана КР баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук "Манас" театрында өтөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда Ош шаарында уюштурулат.

Тандоонун жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат. Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Акындардын чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үнү, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты бааланат. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана "Айтыш" коомдук фонду уюштурууда.