Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт

Коом 25 март 2026 09:30
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндө төлөм алынат.

Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083-формадагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Белгиленгендей, акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылоого жетишти.