Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча акция өттү

Коом 21 сентябрь 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.22.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-21 at 18.04.22.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында жашылдандыруу боюнча акция өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага жаңы баш кошкон жубайлар жана Түркиядан келген борбор калаанын коноктору катышты.

Акциянын алкагында "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы жаш жубайларга бир түп дарак белек кылды. Дагы беш даракты алар өз каражатына сатып алып, бульвардын аймагына отургузушту.

Ошентип, акциянын жүрүшүндө жалпысынан алты түп дарак отургузулду.

Мындай демилгелер шаардагы жашыл аймактардын көбөйүшүнө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.