Кан донору болуңуз: 25-сентябрда акция өтөт

Ден соолук 23 сентябрь 2026 17:20
Кан донору болуңуз: 25-сентябрда акция өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. 25-сентябрда саат 08:00дөн 14:00гө чейин Республикалык кан борборунда (Чыңгыз Айтматов проспекти, 60) ыктыярдуу донорлордон кан топтоо акциясы өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Улуттук кан донору күнүнө арналган акция үзгүлтүксүз жана акысыз кан тапшырууну жайылтууга, өзгөчө жаштарды донор болууга үндөөгө багытталган.

Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. Ошол эле учурда Кыргызстанда даярдалган донордук кан менен камсыздоо көрсөткүчү миң адамга 12 донорду түзөт. ДССУнун сунушу боюнча бул көрсөткүч миң адамга 40 донор болушу керек.

Донор болууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин алып келиши керек. Кан тапшыруудан мурда майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо сунушталат.

Кошумча маалымат үчүн: (0312) 54-19-18, (0312) 54-19-13, 0777-22-55-35, 0555-513586.