Мөмөлүү бак-дарактардын көчөтүн отургузуу боюнча кеңештер

Коом Загрузка... 26 Ноябрь 2025 13:12
1-4.png
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги багбандарга мөмөлүү бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча кеңештерди берди.

Күз мезгилинде мөмөлүү бак-дарактардын көчөттөрүн даярдоо жазында аларды ийгиликтүү отургузуу үчүн маанилүү роль ойнойт.

Күздө төмөнкүлөрдү аткаруу сунушталат:

  • топуракты даярдоо: органикалык жана минералдык жер семирткичтерди кошуу, казуу же жумшартуу, отоо чөптөрдү жок кылуу;
  • топуракка анализ жүргүзүү: агрохимиялык курамын, кычкылдуулугун, асылдуулугун жана жер астындагы суулардын деңгээлин аныктоо;
  • көчөттөрдү иштетүү: кесүү, бутоо, сорттоо, зыянкечтердин жана оорулардын бар-жогун текшерүү;
  • көчөттөрдү убактылуу сактоо: казып коюу же муздак жер төлөдө сактоо аркылуу алардын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыздоо;
  • отургузуу жана коргоо иштерин пландаштыруу: жөөктөрдү белгилөө жана зыянкечтерден коргоочу материалдарды даярдоо.

Топуракты даярдоо көчөттөрдү отургузуудан 5-7 ай мурун жүргүзүлөт. Бул топурактын түзүлүшүн жакшыртууга жана өсүмдүктөрдүн жакшы тамыр алышына шарт түзөт. Жазгы отургузууга арналган топурак иштетүү иштери көбүнчө өткөн күздө жасалат. Бул топурактын кышында тоңушуна, структурасынын бекемделишине жана көптөгөн зыянкечтер менен патогендердин азайышына жардам берет.

Ошентип, күзүндө жүргүзүлгөн даярдык иштери жазында көп жылдык бак-дарактардын көчөттөрүн ийгиликтүү отургузууга шарт түзүп, жер семирткичтерди натыйжалуу пайдаланууга, көчөттөрдүн тамырларынын жакшы калыптанышына жана топурактын түзүлүшүнүн жакшырылышына өбөлгө түзөт.