Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бищкектин Миңжылкыев көчөсүндө жер астындагы өтмөк курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
Анын айтымында, аталган көчө “Манас” университетинин эки корпусунун ортосунан өткөндүктөн, жер астындагы өтмөк курулат.
Ошондой эле Жанболотов белгилегендей, жолдун түштүк тарабындагы сейилдөөчү аймак азыркы абалында эле калат.
“Планда бак-дарактарды сактап калуу боюнча маселелер эске алынды”, - деди ал.