Ташкент, 08.12.27. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын 33 жылдыгына карата «Жазасын өтөп жаткан, кылган ишине чин дилден өкүнүп, түз жолго түшкөн адамдарды кечирүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын негизинде ар кыл кылмыштар үчүн соттолгон, жаза мөөнөтүндө өкүнүү жана оң жолго кайтуу ниетин көрсөткөн 615 киши кечирилди. Алардын ичинен 220сы жазадан толук бошотулат, 123ү шарттуу-эрте мөөнөтү менен чыгат, 97сине жазанын жеңилирээк түрү белгиленет. Ал эми 175 соттолуучунун жаза мөөнөтү кыскартылат.
Кечирилген жарандардын арасында 9 чет элдик, 29 аял, 60 жаштан өткөн 23 эркек, ошондой эле 30 жашка чейинки 264 адам, анын ичинде эки жашы жете элек соттолуучу бар экени маалым болду. Мындан сырткары, буга чейин тыюу салынган уюмдардын ишмердигине катышкан 9 адам да кечиримге илинди.
Жарлыкта тиешелүү министрликтер менен мекемелерге кечирилген жарандарды үй-бүлөлөрүнө кайтарууга көмөктөшүү, аларга социалдык жагынан ылайыкташууга, жумушка орношууга, ден соолугун чыңдоого жана коомго толук кайра кошулууга жардам берүү тапшырылды.
Өткөн жылы Конституция күнүнө байланыштуу 483 адамга ырайым берилген.