Кыргызстандын минкаб төрагасы Казакстан өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барды

Министрлер кабинети 3101 25 Февраль 2025 15:30
67bd88b8b676b-thumb.jpeg
67bd88c0d7bf3-thumb.jpeg
67bd88c14b415-thumb.jpeg
67bd88c15ed73-thumb.jpeg
67bd88c18dc68-thumb.jpeg
67bd88c117d18-thumb.jpeg
67bd88c172cdd-thumb.jpeg
67bd88c13850d-thumb.jpeg
67bd88c137693-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67bd88b8b676b-thumb.jpeg
67bd88c0d7bf3-thumb.jpeg
67bd88c14b415-thumb.jpeg
67bd88c15ed73-thumb.jpeg
67bd88c18dc68-thumb.jpeg
67bd88c117d18-thumb.jpeg
67bd88c172cdd-thumb.jpeg
67bd88c13850d-thumb.jpeg
67bd88c137693-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен биргеликте Казакстан өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барды. 

Анда тараптар жаңы санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти күнүмдүк жашоого киргизүү маселелерин карашты. Санариптик технологиялар тейлөө кызматтарында, саламаттык сактоо, билим берүү, салык, бажы, ишкерлик чөйрөсү сыяктуу бир катар тармактарга киргизилип, жигердүү колдонулуп жаткандыктан бул багыттагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. 

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри жана Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри өз тармактары боюнча эки элдин жарандарына кызмат көрсөтүүдө максималдуу натыйжалуулукту берүү жөнүндө тыгыз иш алып барууну сүйлөштү.