Минкаб: Чет элдик номерлүү унааларды кайрадан легализациялоо жүргүзүлбөйт

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 12:28
14.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинети чет өлкөлүк каттоо номери бар унааларды кайрадан легализациялоо (мыйзамдаштырууну) жүргүзүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жарандарга легализациялоо процедурасынан өтүү үчүн жетиштүү убакыт берилген.

"Мамлекет бардык шарттарды түздү: мөөнөттөр узартылды, Калкты тейлөө борборлорунда кошумча терезелер ачылды. Бирок, көптөгөн жарандар бул маселеге жоопкерчиликсиз мамиле жасашты. Программаны кайрадан ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк жок", - деп билдирди ал.

Депутат Марлен Маматалиев ага унааларды кайрадан легализациялоо өтүнүчү менен кайрылуулар дагы деле келип жатканын белгиледи.