Былтыр дээрлик 28 миң аял кош бойлуулук боюнча жөлөк пул алды

Коом 23 февраль 2026 11:00
Былтыр дээрлик 28 миң аял кош бойлуулук боюнча жөлөк пул алды

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 2025-жылы 27,7 миң аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каржылоонун жалпы суммасы 634,4 млн сомду түздү, орточо жөлөк пул 22, 9 сомду түздү.

"Бардык төлөмдөр республикалык бюджеттен каржыланат жана аларды алууга укуктуу бардык аялдарга толук жана өз убагында берилет", - деп айтылат маалыматта.